Маданий катмар

Википедия дан

Маданий катмар – адамзаттын турмушун, чыгармачылыгын чагылдырган археологиялык калдыктардын катмары. Мисалы: адам жашаган жерде калган буюмдар, кооздуктар, согуштук, эмгек куралдары, тамак-аш калдыктары бир канча мазгилдердин аралыгында маданий катмарды түзө берет. Археологиялык казууда Маданий катмарлар табылып, алардын ар биринин доору аныкталат. Табылган буюмдар аркылуу эстеликтин жашаган доору, ошол мезгилдеги калктын маданияты тууралуу маалымат алынат. Маданий катмардын жалпы калыңдыгы бир канча миллиметрден ондогон метрге чейин жеткен учурлар кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]