Маданияттык ааламдашуу

Википедия дан

Маданияттык ааламдашуу - ааламдашуу Батыш жашоосунун стилинин, көпчүлүк маданияттын жана ой жүгүртүү түрлөрүнүн басып алуусу менен да байланышкан.

Ааламдашуунун дал мына ушул багыты адамдардын күндөлүк турмушунда кенен көрүнөт жана көптөгөн өлкөлөрдө улуттук өз алдынчалыкты сактап калууга болгон умтулууларга чакырат. Ааламдашууга жооп иретинде улутчулдуктун жана аймактык, анын ичинде Борбордук Азияда интеграциянын өсүшү мисал.

Европалык элдер интеграция ишине өз салымдарын кошуу аракетин жасап, маданий кенен байланыштар жана кооперациялар аркылуу өздөрүнүн улуттук жаңы баалуулуктарын бекемдеп жаткан кезде, аймактын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргыз Республикасына да батыш европалык мамилелерди жана идеяларды киргизүүдөн качышы, батыш жана чыгыш цивилизацияларынын жетишкендиктерин сиңирип алган өзүнүн маданий окшоштугун сакташы, өз ара пайдалуу маданияттар маегин башташы өтө маанилүү. Батыш менен Чыгыштын ортосунда, Улуу Жибек жолунда турган Борбордук Азия мамлекеттери Иран, Индия, Кытай менен кенен маданий байланыштарды сактап келишкен жана маданий өнүгүштүн жогорку деңгээлине ээ.

Маданияттык ааламдашуу эки феномен менен байланыштырышат. Биринчиси, Жер шарынын калкынын көбүрөөк бөлүгүнө батыштын индивидуалисттик баалуулуктарын жайылтуу менен мүнөздөлөт. Экинчи багытты бүткүл дүйнө жүзүндө батыш «оюн эрежелерин» өздөштүрүү деп атоого болот. Албетте, бюрократтык уюм жана рационалдуулук, материалисттик көз караштар, экономикалык натыйжалуулук менен саясий демократиянын баалуулуктары европалык Агартуу мезгилинен бери эле бүтүндөй дүйнөгө таралып келе жатат.

Ошону менен бирге эле дүйнөдөгү маданий тил табышуунун өзгөчө маанисин моюнга алуу керек. Дүйнөлүк тутум көп маданияттуу болгону менен: рационалдуулук, индивидуалдуулук, теңчилдик, натыйжалуулук сыяктуу батыш баалуулуктарынын дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө таасиринин өсүп бараткандыгына көздү жуумп коюунун кереги жок. Коомдук өндүрүш улам барган сайын жалпы интеллектуалдык, маданий жана рухий жыргалчылыктар менен тейлөөлөрдү түзүүгө багыт алган, ал эми маданият чөйрөсүндө, өзгөчө көпчүлүк маданият чөйрөсүндө атаандаштык жана рынок мыйзамдары катуураак сезилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8