Маданияттын диверсификациясы

Википедия дан

Маданияттын диверсификациясы (лат. diversus – ар кандай, face-re – кылам) – батыш маданиятынын бир нече кылымдарга созулган үстөмдүгүнөн кийин тарыхый аренага өз алдынча субъект катары чыккан ар түркүн маданияттардын интенсивдүү өсүшүн түшүндүргөн термин. Мындай жагдай маданий лидер менен идентификацияланышуу менен ага карата агрессивдүү маанай күтүүнүн психологиясын шарттаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8