Мадемилова Гүлбүбү

Википедия дан

Мадемилова Гүлбүбү (Эркин) (27. 2. 1929-жылы туулган, Фрунзе) – бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл артисти (1979), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген. ишмери (1963). 12 жашында Ленинград хореографиялык окуу жайына кабыл алынып, согушка байланыштуу М. Күрөңкөев атындагы музыкалык хореографиялык окуу жайында уланткан. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынып, 1953-жылга чейин балерина катары Одетта-Одилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») ж. б. ролдорду аткарган. 1958-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтунун бүтүрүп, балетмейстер-репетитор, 1975-жылдан балетмейстер-коюучу. 1970–72-жылдары Моңголияда балетмейстер, 1974–76-жылдары Вьетнамда балетмейстер-педагог болуп сабак берген. 1977–87-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы бий ансамблинин («Ак-марал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген. Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи менен», 1962-жылдан Штраустун «Чоң вальс», Аренскийдин «Египет түнү», Чайковскийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Римский-Корсаковдун «Испан каприччиосу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ансамбли менен Бельгияда, Францияда, Данияда, Швецияда, Мозамбикте, КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]