Мадурай

Википедия дан

Мадурай, Мадура – Түштүк Индиядагы шаар. Тамилнад штатында. Калкы 1,0 млн (2006). Темир жол түйүнү. Текстиль Өнөр жайынын (кебез-кездеме) ири борбору. Кол өнөрчүлүк (токуу, жыгачты бедерлөө) өнүккөн. Шаар 2-кылымдан белгилүү. Эң зор Шива храм комплекси (12–17-кылым) «миң колонналуу» залы менен (1560-жылы чен), ошондой эле архитектуралык эстеликтер сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]