Мадылбеков Туратбек

Википедия дан

өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадылбеков Туратбек 1954-жылы 4-ноябрда Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөн.
Улуту кыргыз.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку билимдүү.
1961-жылы Кызыл-Дыйкан айылындагы 8 жылдык мектебине окууга кирип, 1967 жылы Кепер-Арык айылындагы орто-мектебинен окууну улантып, аны 1971- жылы бүтүргөн.
Мектепти аяктаган соң “Жаңы жол” колхозунда алты ай жумушчу болуп иштеген.
1972-1977- жылдары Кыргыз мамлекеттик университетин филология факультетинде окуп, “кыргыз тили жана адабияты мугалими” деген кесипке ээ болгон.
1978-жылы комсомол уюмунун сунуштамасынын негизинде ички иштер министирлигинин кызматына кирип, 2006-жылдын февраль айына чейин кызмат өтөгөн.
1989-1994-жылдары Россия федерациясынын Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебин бүтүрүп, “укуктаануучу-юрист” деген адиске ээ болгон.
ИИМде жөнөкөй кызматкерликтен Бишкек Ички иштер башкы башкармалыгынын башчылыгына чейин кызмат кылган.
Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансалык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылышындагы Жогорку Кеңешине “Ата Мекен” саясый партиясынан депутат болуп шайланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/471-MADYLBEKOV_Turatbek__Ata_Meken_deputattyk_frakciyasy.aspx Archived 2011-08-09 at the Wayback Machine