Мажит Каримов
Мажит Каримов(1937-ж.) – жазуучу.
Ленин районунун Сакалды айылында 1937-жылы туулган. Жалал-Абад балдар үйүндө тарбияланган. 1956-жылы өз айылындагы мектеп-интернатты, ал эми 1965-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1956-жылы Ош облусунун Ленин районунун орто мектебинде пионердик тарбиячы болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадио комитетине редактор, 1968–1978-жж. Таш-Көмүр шаарындагы №6 орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1978-жылдан Ленин районунун ВЛКСМдын 50 жылдыгы атындагы №20 орто мектепте иштеген.
Чыгармалары 1956-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Анын 1963-жылы биринчи жарык көргөн китеби болуп «Баарыбыз бала болгонбуз» повести эсептелинет.
1983-жылдан КСРБ Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Баарыбыз бала болгонбуз: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1973. – 119 б.
- Ак жол сага адам!: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1976. – 112 б.
- Ата: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 144 б.
- Жашыл көпүрө: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 158 б.
- Алтын таяк: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1987. – 12 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6