Мажeро

Википедия дан

Мажeро (Majuro) – Маршалл аралдары Республиканын борбору. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, Маршалл аралдары архипелагында, шурулуу акиташ тегинен турган океан жанар тооcунун чокусунда, деңиз деңгээлинен 10 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 25,8 миң (2010; республикада жашаган калктын 50%), негизинен маршаллдыктар жана Япония келгиндери. Өлкөнүн саясий жана экономикалык борбору. Мажеро 19-кылымдын аягында негизделген. 1886-жылдан 1914-жылга чейин Мажеро Германиянын протектораты астында болгон. Шаарды 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде япониялык аскерлер, 1944-жылы АКШнын аскерлери басып алган. 1979-жылы Маршалл аралдары өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгондон анын борбору. Шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү АКШнын финансылык колдоосуна көз каранды. Модерн стилинде курулган Капитолий, Алеле музейи (анда Маршалл аралдарынын тургундарынын маданияты менен искусствосу чагылдырылган) бар. Шуру атоллдору (ак кумдан турат) туристтерди өтө кызыктырат. Мажуро атоллу – Тынч океандын «бермети» деп аталат. Кол өнөрчүлүк (кездемеден, океан үлүлдөрүнөн, бамбуктан жана жыгачтан буюмдар жасалат) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Geo-stub