Мазер

Википедия дан

Мазер [англисче Microwave Amplification by Stimulated Emission of Radiation сөздөрүнүн биринчи тамгасынан; мааниси: аргасыз нурлануудан микротолкундардын (өтө жогорку жыштыктын) күчөшү] – өтө жогорку жыштыктагы радио толкундардын кванттык генератору. Мазердин нуру монохромдуулугу, когеренттүүлүгү, өтө ичкелиги менен өзгөчөлөнөт. Мазер радио байланыш, радиоастрономия, радиолокация ж. б. тармакта, ошондой эле туруктуу жыштык генератору катары да колдонулат. Мазер радиодиапазондордун кванттык күчөткүчү деп да аталат. Мисалы, кванттык парамагнит күчөткүчү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]