Мазмун жана түр

Википедия дан

Мазмун жана түр (содержание и форма).

Ар кандай нерсенин касиеттеринин, бөлүктөрүнүн, байланыштарынын жыйындысы анын мазмунун түзөт. Ал эми мазмун белгилүү бир формада болот, белгилүү бир түрдө жайгашкан, көрүнөт, жашайт. Ар кандай мазмун өз түрүнө ээ, ар кандай түр, форма кайсы бир мазмундун болуш ыгы, жолу. Мазмун – ички, түр – тышкы мүнөздө каралат. Бирок, экөө ажырагыс байланышта турат. Албетте, кээде мазмун өзүнө жарашкан түргө жете элек болушу ыктымал, ошондой эле түр өзүнө тиешелүү мазмундан кур («көңдөй») болушу мүмкүн. Эң башкысы, мазмунсуз форма болбойт, формасыз мазмун болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8