Мазмун жеткирүүчү тармак

Википедия дан

Мазмун жеткирүүчү тармак же мазмун бөлүштүрүүчү тармак (англ. content delivery network же content distribution network, CDN) — прокси серверлер жана алардын маалымат борборлорунун географиялык бөлүштүрүлгөн тармагы. Максаты — жогорку жеткиликти жана жогорку натыйжаны камсыз кылыш үчүн акыркы колдонуучуларга карата кызматты мейкиндик аркылуу бөлүштүрүү. CDN'дер бүгүнкү күндө интернеттеги мазмундун көп бөлүгүнө кызмат көрсөтөт. Ага веб объектилер (текст, графикалар жана скрипттер), көчүрүлө турган объектилер (медиа файлдар, программалык камсыздоо, документтер), колдонмолор (электрондук соода-сатык, порталдар), түз агымдык медиа, талапка жараша агымдык медиа жана коомдук тармактар кирет.

CDN бул жалпылоочу термин. Ал мазмун жеткирүүчү кызматтардын ар кандай түрүн өзүнө камтыйт: видео агым, программалык камсыздоолорду жүктөп алуу, веб жана мобилдик мазмун ылдамдыгы, лицензиялык/башкарылган CDN, ачык-айкын кэш, CDN иштешин өлчөгөн кызматтар, күчтү тең салмактоо, мульти CDN которуштуруу, талдоо жана булут чалгындоо. CDN сатуучулар коопсуздук жана WAN оптималдаштыруу сыяктуу башка индустрияларды айланып өтүшү мүмкүн.

CDN'дер интернет экосистемасындагы бир катмар болуп саналат. Медиа компаниялар жана электрондук соода кылгандар сыяктуу мазмундун ээлери акыркы колдонуучуларга мазмунду жеткирип бериш үчүн CDN операторлорго акы төлөшөт. Өз кезегинде, CDN'дер ISP'лерге, тармак операторлоруна маалыматтык борборлорундагы сервер хостиңги үчүн акы төлөшөт.

Технологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

CDN түйүндөрү адатта бир нече жерлерде, көбүнчө бир нече түркүктөрдө жайгашат. Артыкчылыктарына өткөрмө чыгымдарды кыскартуу, баракты жүктөө жолдорун жакшыртуу же мазмундун дүйнөлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кирет. Канча түйүн жана сервер бир CDN'ди түзөөрү архитектурага жараша өзгөрөт. Айрымдары көптөгөн алыскы аймактардагы болуу чекиттеринде (англ. points of presence, PoP) он миңдеген серверлер менен миңдеген түйүндөргө жетиши мүмкүн. Кээ бири болсо бүткүл дүйнөлүк тармакты куруп, аз эле географиялык PoP'торго ээ болушу мүмкүн.

Мазмун боюнча сурам адатта алгоритмдик негизде кандайдыр бир деңгээлде оптималдуу болгон түйүндөргө багытталат. Өндүрүмдүүлүктү оптималдаштырыш үчүн колдонуучуга мазмунду жеткирип берүүчү эң ыңгайлуу жер тандалып алынышы мүмкүн. Бул жергиликтүү өз алдынча тармактар аралык жеткирүүнү оптималдаштыруу үчүн эң эле аз секирүүнү талап кылган жерлерди тандоо, сурам жөнөткөн кардардан бир нече секунда алыстыктагы эң аз тармак саны, же болбосо сервер өндүрүмдүүлүгүнүн эң жогорку жеткиликтүүлүгү (азыркы да, тарыхый да) аркылуу ченелиши мүмкүн. Наркы боюнча оптималдаштырган учурда эң арзан жерлер тандалышы мүмкүн. Оптималдуу жагдайда, аталган эки максатты бир нукка салуу керектелет. Анткени акыркы пайдалануучуга жакын болгон тармактын эң соңундагы "четки серверлер" өндүрүмдүүлүк же болбосо наркы жагынан артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн.

Көпчүлүк CDN провайдерлер өзгөрүп турган, аныкталган, PoP'тордун топтому аркылуу өз кызматтарын көрсөтөт. Ал керектелген камтуу аймагынан, мисалы Америка Кошмо Штаттары, эл аралык же дүйнөлүк, Азия-Тынч океан жана башкалардан көз каранды. PoP'тордун бул топтомдорун "чеке", "четки түйүндөр" же "четки тармактар" деп айтууга болот. Анткени алар акыркы колдонуучуга эң жакын болгон CDN провайдерлери болушу ыктымал.

CDN'дин четки тармагы биргелешкен жердеги, өткөргүчтөрдөгү жана серверлердеги өз түпкү тегинен өсүп, сатып алуулар (сатып алуу, бөлүшүү, же алмаштыруу) аркылуу сыртка чыга баштады.

Мазмун тармактык ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет акырынан-акырына чейин принцибине ылайык иштелип чыккан. Бул принцип өзөк тармакты салыштырмалуу түрдө жөнөкөй кармап, маалыматты тармактын акыркы чекитине — хосттор менен кардарларга — мүмкүн болушунча жылдырат. Натыйжада, өзөк тармак маалымат пакеттерин жөн гана кайра жөнөтүп туруш үчүн адистештирилип, жөнөкөйлөштүрүлөт жана оптималдаштырылат.

Мазмун жеткирүү тармактары мазмун жеткирүүнү оптималдаштыруу үчүн жасалган ыкмаларды пайдалануу менен акылдуу колдонмолордун түрүн бөлүштүрүү аркылуу акырынан-акырына чейинки траснпорттоо тармагын өстүрөт. Тыгыз интеграцияланган катмар веб кэшти, сервер-күч тең салмактуулугун пайдаланып, багыттоо менен мазмун кызматтарына сурам жөнөтөт. Бул ыкмалар төмөндө кыскача баяндалат.

Желе кештери серверлерде эң көп суроо-талапка ээ мазмунду сактайт. Бул бөлүштүрүлгөн тармактык шаймандар өткөрмө талаптарын, сервер жүгүн азайтып, кэштеги сакталган мазмунга карата кардарга жооп берүү жолдорун жакшыртат. Желе кэштери колдонуучулардын сурамынын негизинде (тартуу кэши) жыйналат же мазмун серверлериндеги (түртүү кэши) алдын алы жүктөлгөн кеңири мазмунга негизделет.

Сервер-күч тең салмактуулугу бир же бир нече ыкмаларды пайдаланат. Анын ичинде кызматка негизделген (дүйнөлүк күч тең салмактуулугу) же жабдыкка негизделген, башкача айтканда, трафикти серверлердин же веб кэштердин арасында бөлүштүрүү үчүн веб которуштуруу, мазмун которуштуруу же көп катмардуу которуштуу катары белгилүү болгон 4-7 катмардуу которуштуруулар бар. Бул жерде которуштуруу бир виртуалдык IP дарекке бекитилет. Которулуп келген трафик ага бекитилген чыныгы веб серверлердин бирине багытталат. Бул жүктүн тең салмактуулугун сактоо артыкчылыгын берип, жалпы мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат жана башкаруучулугун жакшыртат. Ошондой эле ишке ашпай калган веб серверлердин жүгүн бөлүштүрүп, серверге саламаттыгын текшерүү аркылуу жогорулатылган ишенимдүүлүктү камсыз кылат.

Мазмун кластерин же тейлөө түйүнүн 4-7 катмар которуштуруусун пайдалануу менен түзгөнгө болот. Муну менен күчтүн тармактын эле ичиндеги бир нече серверлердин же бир нече веб кэштердин арасындагы тең салмактуулугу сакталат.

Сурам маршруту мазмун булагына сурам жөнөткөн кардардын өтүнүчүнө жооп бере алган эң ыңгайлуу булакка багыттайт. Ал кардарга эң жакын болгон кызмат түйүнүнө же болбосо эң кубаттуу болгон түйүнгө багыттоо болушу мүмкүн. Алгоритмдердин ар кандай түрү сурамдын маршруту үчүн пайдаланылат. Аларга Global Server Load Balancing, DNS'ке негизделген өтүнмө маршруту, Динамикалык метафайл түзүү, HTML кайра жазуу жана Anycasting кирет. Жакындык — эң жакын кызмат түйүнүн тандоо — реактивдүү изилдөө, проактивдүү изилдөө жана байланыш мониториңи сыяктуу ыкмалардын түрүн колдонуу менен бааланат.

CDN'дер колдо көчүрүү, активдүү веб кэштери жана глобалдык жабдык күчүн тең салмактоочу сыяктуу — бирок ошолор менен эле чектелбеген — мазмун жеткирүү ыкмаларынын түрүн пайдаланышат.

Мазмундук кызмат протоколдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир нече протоколдук пакеттер мазмундук кызматтардын кеңири түрүнө жеткилик алууну камсыздаш үчүн жасалган. Ал мазмун тармагы боюнча бөлүштүрүлөт. Интернет мазмунду адаптациялоо протоколу (англ. The Internet Content Adaptation Protocol, ICAP) 1990-жылдардын аягында колдонмо серверлерин туташтыруу үчүн ачык стандарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ал эми жакында эле такталган жана бекем чечим Ачык түтүк четки кызматтар (англ. Open Pluggable Edge Services, OPES) протоколу тарабынан камсыз кылынат. Бул архитектура OPES процессорунун өзүндө турган же болбосо алыстан башкарылган Чакыруу серверинде OPES кызматтык колдонмолорун аныктайт. Edge Side Includes же ESI четки деңгээлдеги динамикалык желе мазмун жыйналыштары үчүн чакан белгилөө тили болуп саналат. Ал мазмун жараткан сайттар үчүн кеңири жайылган. Ал каталогдордун же форумдардын мазмунунун өзгөрүшүнө, же болбосо персонализацияга байланыштуу болушу мүмкүн. Ал кэштөө системдери үчүн көйгөй жаратат. Бул маселени чечүү үчүн компаниялардын тобу ESI'ни жараткан.

Тегиз тармактагы CDN'дер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегиз (англ. peer-to-peer, P2P) мазмун жеткирүү тармактарында кардарлар ресурстарды камсыз кылып, ошондой эле аларды пайдаланышат. Бул кардар-сервер системдеринен айырмаланып, мазмунга багытталган тармактар негизинен эле көп колдонуучу мазмунга (айрыкча, колдонуучуларга бөлүшүүнү талап кылган Bittorrent сыяктуу протоколдордо) жеткилик алган сайын жакшы иштей алат дегенди билдирет. Бул өзгөчөлүк P2P тармактардын эң башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Анткени анын орнотулушу жана иштеши түп нуска мазмунду бөлүштүрүүчү үчүн өтө аз чыгымды талап кылат.

Жеке CDN'дер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде мазмун ээлери коммерциялык CDN'дердин мүмкүнчүлүктөрүнө же наркына канааттанбаса, алар өздөрүнүн CDN'дерин жарата алышат. Ал жеке CDN деп аталат. Жеке CDN өз ээсине гана мазмунду жеткирген POP'тордон турат. Ошол POP'тор кэштөө серверлери, артка кайтарган проксилер же болбосо колдонмо жеткирген башкаруучулар болушу ыктымал. Бул жөнөкөй эле эки кештөө сервери же болбосо петабайттардан турган мазмунду тейлеген чоң да болушу мүмкүн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]