Мазут очогу

Википедия дан

Мазут очогу - мазут күйгүзүлө турган очок.

Ал тик параллелопипед формасында болуп, капталдарына диаметри 32—72 мм түтүктөр орнотулат. Күйүү камерасынын бурчтарына орнотулган форсункадан бүркүлгөн мазут анын тегерегиндеги тешиктен берилген ысык (200—400°С) аба менен кошулганда күйөт. Күйүү учурунда экран түтүктөрүндө жана буу ысыткычта ыш турун, алардын ааиуулук берүү коэффицентин азайтат. Казан агрегатынынн. а. к-ин төмөндөтпөсүн үчүн мазутка атайын кошулмалар кошулат. Мазут очогу казан агрезатында жана суу ысыткыч казандарда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.