Майда буржуазия

Википедия дан

Майда буржуазия – өз алдынча же негизинен өзүнүн жеке эмгеги менен жашоочу шаардын жана айылдын майда менчик ээлеринин катмары. Айылдык майда буржуазияга айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнүн басымдуу көп-чүлүгү – майда жана орто дыйкандар жана фермерлер кирет. Шаардык майда буржуазия кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер, алып-сатарлар, чайкоочулар жана шаардык майда ишканалардын ээлери эсептелет. Майда буржуазия өзүнүн мүлктүк абалы боюнча бирдей эмес. Бирок майда буржуазиянын материалдык абалы кандай начар болсо да ал жумушчудан жеке менчигинде өндүрүш каражаттары болгондугу менен айырмаланат. Бул менчик майда буржуазиянын өндүрүшүнүн негизи жана иштөөсүнүн негизги булагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8