Майканова Сабира

Википедия дан

Майканова Сабира (1. 1. 1914- ж. т., Кызыл-Ордо) — казак совет ар­тисти, СССР эл арт. (1970).

  • 1941-жылдан КПСС мүчөсү. 1932-жылдан М. Ауэзов атн. Казак драма театрынын труппасында (Алматы).
  • Көрүнүктүү ролдору: Коклан (М. Ауэзов, «Кабланды»), Зейнеп (С. Муканов, «Чокан Валиханов»), Толгонай (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»), Ка­баниха (А Островский, «Добул»), Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая») ж. б.
  • Майканова күчтүү жанa эрктүү мүнөздөгү аялдардын образын түзүү менен ийгиликтерге жетишкен.
  • Казак ССР мамл. сыйл. лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.