Майкл Фассбендер

Википедия дан
Майкл Фассбендер

Майкл Фассбендер (англ. Michael Fassbender; 1977-жылы 2-апрель) – Германияда туулган ирландиялык актер. Фассбендер "300" (англ. 300, 2007) фэнтези согуш эпикалык тасмада спартандык жоокери ролун аткарып биринчи жолу көркөм тасмада тартылган, мындан мурун актер ар кандай сахналык оюндарда роль аткарып HBO каналынын "Бир туугандар командасы" (англ. Band of Brothers, 2001) жана Sky One каналынын "Каргыш" (англ. Hex, 2004–05) телесериалында тартылган. Актер "Ачкалык" (англ. Hunger, 2008) тасмада ирландия республикалык армиясынын активисти Бобби Сэндстин ролун аткарганы менен белгилүүлүккө жетип Британия көз карандысыз тасма сыйлыгына татыган. Актердун кийинки ролдору: "Аквариум" (англ. Fish Tank, 2009) көз карандысыз тасмасындагы роль, "Уятсыз салпаяктар" (англ. Inglourious Basterds, 2009) тасмадагы королдук деңиз пехотасынын лейтенантынын ролу, "Жейн Эйр" (англ. Jane Eyre) тасма адаптациясынын 2011-жылдын версиясында Эдвард Рочестердин ролу, "Кооптуу ыкма" (англ. A Dangerous Method, 2011) тасмадагы Карл Юнгтун ролу, "Прометей" (англ. Prometheus, 2012) тасмадагы акылдуу андроидтин ролу жана "Франк" (англ. Frank, 2014) тасмадагы Франк Сайдботтон илхам алган бир түрдүү музыканттын ролу.

2011-жылы актер "Марвел" комикстин Магнето атындагы терс каарманынын ролун аткарып "Х-кишилер: Биринчи класс" (англ. X-Men: First Class) тасмасында тартылган, 2014-жылы актер Иэн Маккеллен менен бирге "Х-кишилер: Өткөн келечектин күндөрү" (англ. X-Men: Days of Future Past) тасмада тартылып ролун кайрадан 2016-жылы "Х-кишилер: Апокалипсис" (англ. X-Men: Apocalypse, 2016) тасмада аткарган. 2011-жылы актер "Уят" (англ. Shame) тасмада туура эмес жыныстык жашоо сүргөн адамдын ролун аткарып Венеция кинофестивалында "Вольпи" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына татыган жана "Алтын глобус" менен BAFTA сыйлыктардын талапкери болгон. 2013-жылы актер "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" (англ. 12 Years a Slave) тасмада кул ээси Эдвин Эппстин ролун аткарып "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты эккинчи пландагы актер" номинациясына татыган. 2013-жылы актер Ридли Скоттун "Кеңешчи" (англ. The Counselor) тасмасында тартылган. 2015-жылы Фассбендер Дэнни Бойлдин "Стив Жобс" (англ. Steve Jobs, 2015) өмүр баяндык тасмасында башкы роль аткарган жана Жастин Курзельдин Уильям Шекспирдин пьесасынын адаптациясында Макбеттин ролун аткарган. Актер "Стив Жобс" тасмада аткарган ролу үчүн "Оскар", BAFTA, "Алтын глобус" жана SAG сыйлыктардын номинацияларынын талапкери болгон. 2015-жылы Фассбендер "Батышка карай" (англ. Slow West) тасманын продсери жана актеру болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]