Майлар

Википедия дан

Майлар – бир негиздүү ири молекулалык май кислоталары менен глицериндин татаал эфирлери. R, R´, R´´ – май кислоталарынын радикалдары.

CH2-O-CO-R1
|
CH-O-CO-R2
|
CH2-O-CO-R3

Майлар липиддерге кирип, углевод, белок менен катар өсүмдүк жаныбар клеткаларынын жана микроорганизмдердин бирден бир компонентин түзөт. Майлардын курамында үч түрдүү кислоталык радикал болот. Көбүнчө стеарин, пальмитин, олеин ж. б. кислоталар кездешет. Майлар сууда эрибейт. Спирттен башка органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Минералдык кислоталар, щёлочтор, ысытылган буу менен иштеткенде майлар гидролизденип, глицерин жана май кислоталарын же алардын туздарын пайда кылат. Майлар суу менен эмульсияга айланат (мисалы, сүт). Жаратылыш майынын курамында мындан башка ар кандай май кислоталары, ошондой эле эркин түрүндө ар кандай аралашмалар да болот. Майларда эркин түрүндөгү май кислоталары, глицериддер, фосфаттар, витаминдер бар. 1300дөн ашуун май белгилүү. Табигый майлар жаныбар жана өсүмдүк майы болуп бөлүнөт. Алар курамы жана физикалык, химиялык касиеттери менен айырмаланып, негизинен катуу жана суюк абалында болот. Мал майлары жаныбарлардын май ткандарынан алынып, каныккан же каныкпаган май кислоталарынын триглицериддеринин аралашмасынан турат. Каныккан май кислоталары көбүрөөк болгондуктан, мал майлары катуу жана эрүү температурасы жогору болот. Алардын курамы ар кандай аралашмадан тургандыктан, турактуу б. эрүү температурасы жок. Майлар суу буусун таасир кылуудан кислоталарга жана глицеринге ажырайт. Бул реакцияны щёлочтун катышуусу менен жүргүзсө, ылдамдыгы жогорулайт. Өнөр жайда самынды алуу­да колдонулат. Гидрлөө реакциясынын жардамы менен майды суюк абалынан катуу абалга айлантса болот. Табигый майларды абада ачык сактаганда кычкылданат. Майлар белоктор жана углеводдор сыяктуу эле бардык жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн клеткаларынын курамында болот. Клеткадагы негизги биологиялык жана химиялык процесстердин жүрүшү майлар менен түздөн түз байланыштуу. Организмде май – күч кубаттын негизги булагы. Адамдын жана жаныбарлардын организминде түрдүү өлчөмдө болуп, энергетикалык мааниси чоң. 1 кг май кычкылданганда 9,3 ккал бөлүнүп чыгат. Май денедеги жылуулукту бир калыпта кармап турат. Курамында органикалык эң керектүү болгон биологиялык заттар, фосфолипиддер, стериндер жана А, Д, Е – витаминдери ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]