Майлуу живопись

Википедия дан

Майлуу живопись – негизги байланыштыргыч зат катары өсүмдүк майын колдонгон живопись техникасынын эң маанилүү жана кеңири тараган түрү. М. ж-тин мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири: ал негиздин грунттун көп сандаган түрлөрүндө, жебилгелердин бардык мүмкүн болгон түрлөрү менен аткарылат; анын боёк катмары жука жана паста сымал, тунук жана калың, жылтырак жана бозомтук, ачык жана түсү боюнча эң кочкул боло алат. Көп катмарлуу живопись менен бирдикте бул техникада тез тартылуучу живопись да аткарылат. Клей боёктору, айрыкча гуаштан айырмаланып, майлуу боёктордун түстөрү кургагандан кийин да өзгөрбөйт. Ийкемдүүлүк, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө бай материалдык эпке көнгүчтүгү жана боёк катмарынын салыштырмалуу чыдамдуулугу М. ж-тин негизги артыкчылыктарына кирет. Мезгилдин өтүшү менен карарып же саргарып кетиши, узак иштегенде технологиялык талаптардын татаалданышы анын кемчилиги болуп саналат. XX кылымдан бери белгилүү М. ж. аны Ян Ван-Эйк жакшырткандан кийин XIV кылымдын аягы, XV кылымдын башынан баштап кеңири тараган. Живописте реализмдин өнүгүшү менен М. ж-тин реалдуу чындыкты эң жогорку деңгээлде жана бүт бойдон туура чагылдыруу мүмкүнчүлүгү, анын андан ары кеңири таралашын шарттады. М. ж. XIV кылымдан баштап сүрөтчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү иштеген техника ыкмасы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]