Майлу-Суу мунай жана газ кени

Википедия дан

Майлу-Суу нефть жана газ кени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгышында. Кен кеңдик багытта созулуп жаткан асиметриялык антиклиналдык бүктөлүү менен байланышкан. 1951–65-ж. терең скважиналарды бургулоо менен издөө-чалгындоо иштери жүргүзүлөн. Нефть палеоген катмарларынын III, V, VI кабаттары, газ юра жана бор катмарларынын ХIII, ХVII, ХVIIIа, ХХIII кабаттары менен байланышкан. Юра катмарларынын курамында гравелит, алевролит жана чопо катмарчалары бар орто бүртүктүү кумдуктан турган XXIII кабат эң жогорку газдуу болуп эсептелет. Кабаттын жалпы калыңдыгы 34 м, пайдалуу калыңдыгы 17,5 м, көзөнөктүүлүгү 18,9%. Газдуу катмардын узундугу 2,4 км, туурасы 1,5 км. ХХIII кабаттын жаткан орточо тереңдиги 1900 м. Кабаттын басымы 249 кгк/см3. 9-бургулоо көзөнөгү боюнча газдын дебити 250 миң м3/сутканы түзөт. 1997-жылга карата газдын запасы В+С1 категориясы боюнча 61 млн м3, нефтиники С1 – 208 миң т, С2 – 463 миң т. 1996-ж. кенден 2,6 миң т нефть жана 0,2 млн м3 газ алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]