Майлы-Сай курорт зонасы

Википедия дан

Майлы-Сай курорт зонасыЖалал-Абад облусунун Ноокен р-нундагы бальнеол. курортко ылайыктуу аймак.

Үчкоргон т. ж. бекетинен 26 км түш.-батыш тарапта, Майлысайдын жанында, Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңг. 850 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн, кыска, кар дайыма жатпайт (январдын орт. темп-расы – 3°С), жайы кургакчыл, ысык (июлдуку 27°С). Жылдык жаан-чачыны 300 ммдей (негизинен март–июль айларына туура келет). Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 40%тей. Дарылоочу негизги табигый фактору сульфид, хлорид ж-а сульфиддүү, хлоридгидрокарбонат-натрийлүү суу булактары (к. Майлысай минералдуу суусу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2