Маймак корукчасы
Маймак корукчасы – Кара-Буура районундагы мамлекеттик ботаникалык корукча (заказник). Маймак темир жол станциясынын жанында. Аянты 40 га. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген кауфман жоогазынынын табигый шартта жакшы өсүп жана көбөйүп жаткан ареалын коргоо максатында 1980-жылы уюшулган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7