Мазмунга өтүү

Майнагашев Степан Дмитревич

Википедия дан

Майнагашев Степан Дмитревич, хакастын белгилүү окумуштуусу, тарыхчы-этнограф, коомдук-саясий ишмер, Хакас Автономиясынын жана жазуу маданиятынын негиздөөчүсү. Бүгүнкү хакастарга “хакас” этникалык аталышын (этнонимин) алып берген комиссиянын мүчөлөрүнүн бири. С.Д.Майнагашев 1886-ж. Аскиз (азыркы Хакасиянын Аскиз району) талаа Думасына караштуу Иресов айылында туулган. Теги жагынан сагай уруусунун томнар тайпасынан чыгат. 1906-ж. атасынын берген кеңеши боюнча Степан Майнагашев Краснояр духовный семинариясына тапшырып, андан бир жыл билим алат. Бул жердеги диний окууга канааттанбай жергесине кайтып келип, жергиликтүү управага жумушка орношот. 1910-ж. Томскиге окууга тапшырганы келип, эркин угуучу катары катталат. Болжолу, С.Д.Майнагашев Томск шаарында Борбордук Азияны изилдеген атактуу окумуштуу Г.Н.Потанин менен жолугушкан болуу керек. Себеби, бул тууралуу С.Д.Майнагашев кийинчерээк эскергени белгилүү. 1911-ж. ал Москвадагы Шанявскийдин «Эркин мектеп» деп аталган Москвадагы элдик университетинин коомдук-юридика бөлүмүнө келип кирет. Ушул жерден чыгыштаануучулар, түркологдор В.В.Радлов, Л.Я.Штернберг, А.Н.Самойловичтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Тагдырга тиешеси бар бул жолугушуулар тууралу жана алардын кийинки илимий изилдөөлөргө тийгизген таасири жөнүндө жылуу эскерген экен. Кийинчерээк таанымал түрколог-тилчи А.Н.Самойлович анын илимий жетекчиси болуп калат. Ал жаш С.Д. Майнагашевге Орус Императордук Географиялык коому жана Орто, Чыгыш Азияны изилдөөлөрдүн Орус комитети менен байланыш түзүүгө түздөн-түз көмөк көрсөткөн экен. Аталган комитеттин атайын тапшыруусу менен С.Д.Майнагашев Минусин (азыркы Хакасия) аймагына тилдик жана этнографиялык маалыматтарды жыйноо үчүн жөнөгөн. Натыйжада, «хакас-сагайлар жана аларга кошуна жашаган шаманчылык» деген ат менен илимий доклад жасалган. Анын жыйынтыгында "Известиях Русского комитета" журналына "Отчет по поездке к турецким племенам долины реки Абакан летом 1913 года" деген илимий макала жарык көрөт. Мындан сырткары, С.Д.Майнагашев хакас этнографиялык топторунун турмушун чагылдырган 354 фотосүрөттөрдү Санкт-Пеьтербургдагы Императордук Антропология жана Этнография музейине тапшырган. 1914-ж. «Орус комитети» Енисей губерниясынын Минусин жана Ачы уездерине С.Д.Майнагашевди максаттуу жолдомо менен жөнөтүшөт. Анын натыйжасында "Отчет по поездке к турецким племенам Минусинского и Ачинского уездов летом 1914 года" деген эмгегин жарыялайт. Адистердин белгилөөсүндө автордун фотосүрөттөрү Археология жана Этнография музейинин хакастар жана Түштүк Сибирдин этнографиясы боюнча негизги баалуу коллекциялардын бири болуп эсептелет. Илимий изденүүлөрдүн жыйынтыгында С.Д.Майнагашев: "Загробная жизнь по представлению турецких племен Минусинского края" (Журнал "Живая старина" 1915 г., год XXIV, Петроград, 1916 г.) и "Жертвоприношение Небу у бельтыр" (Сборник МАЭ, Том III, Петроград, 1916 г.) эмгектерди жарыкка чыгарат. 1915-ж. жерлиги Пермь губерниясынан болгон мещан тектүү С.М.Парываева менен баш кошушуп, балалуу болушат. С.Д.Майнагашев 1917-ж хакас элинин 1-курултайынын демилгечиси катары да белгилүү. Бул жыйындын соңунда кытай булактарындагы «кыргыз» этнониминин (Тан доорундагы 7-10 кк) кытайча аталышын (“хягас” = “хагас” = “хакас”) Минусин аймагындагы жашаган этнографиялык топтордун жалпы аталышы катары ыйгарышкан. Булар качин, кызыл, сагай, бельтир, койбал ж.б. аз сандуу этнографиялык топтор эле. Окумуштуу жана изилдөөчү катары С.Д.Майнагашев тарыхый булактар менен терең тааныш болгон. Ошондон улам, бул этнографиялык топторду (сагай, качин, белтир, кызыл, койбал) енисей кыргыздарынын түз урпактары экендигин тастыктап, кытай тилиндеги «кыргыз» этнониминин «хягас» формасындагы аталышын этникалык ат катары кабыл алууга негизги демилгечи болгон. Ошол эле жылы Улуттук комитет түзүлүп, ал комитеттин бюросун жетектейт. 1917-1918 жж. ар кыл коомдук-сасий иш-аракеттерге катышат. Ошол эле жылы хакас элинин атынан өкүл катары Талаа Думасына жана Сибирь Думасына шайланган. 1919-ж. Совет бийлигине каршы күрөшкө катышат. 1920-ж.10-мартта тууган-туушкандары менен өзү туулуп-ёскён айылында большевиктик милициянын колуна тъшъп, ошол эле жылдын 24-апрелде контрреволюционер катары атылып кеткен.

  1. Из материалов по шаманству у сагайцев и соседних племён. // Живая старина. - Выпуск III—IV. — Петроград, 1913.
  2. Борьба с шаманством в Минусинском крае. // «Сибирь», 20 декабря, 1913.
  3. Отчёт по поездке к турецким племенам долины реки Абакан летом 1913 года // Известия русского комитета для изучения Средней и Восточной Азии в историческом, археологическом и этнографическом отношениях. — Серия II, № 3. - Петроград, 1914.
  4. Отчёт по поездке к турецким племенам Минусинского и Ачинского уездов Енисейской губ. летом 1914 года С. Д. Майнагашева // Там же. С. 117—128.
  5. Очередные итоги поземельного устройства инородцев Минусинского уезда // «Минусинский листок», 24 мая, 1914.
  6. Сказка о купеческом сыне и боярском сыне // Живая старина. Приложение № 3, Петроград, 1915. С. 045—050.
  7. Песня духу огня // «Минусинский листок», 1 марта, 1915.
  8. Загробная жизнь по представлению турецких племён Минусинского края // Известия Русского Географического общества. / Живая старина. — Том XXIV, Выпуск 3. - Москва, 1915. С. 275—292.
  9. К вопросу о сокращении скотоводческого хозяйства Минусинских инородцев // «Труд». — № 148, 1916.
  10. Жертвоприношение Небу у бельтиров // Сборник музея антропологии и этнографии. - Том XIV, Выпуск 3, Петроград, 1916. С. 93—102.
  11. Мелкий кредит среди инородческого населения Минусинского края // «Труд»,

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015