Майып
Көрүнүш
Майып – дене саламаттыгынын же акыл-эсинин артта калуусунун кесепетинен жашоо ишмердигинин чектелүүсүнө байланыштуу социалдык жардамга жана коргоого муктаж болгон адам. Адамдын жашоо ишмердигинин чектелүүсү анын толук же жарым-жартылай өзүн өзү тейлөө, басып жүрүү, багыт алуу, баарлашуу өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусунан көрүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7