Май кислотасы

Википедия дан

Май кислотасы CH3CH2CH2COOH – түссүз суюктук, эрүү t -5,26о ; кайноо t 163,2 о ; d 204 0,9577; n20Д 1,398; суу орг. эриткичтер менен аралашат. Карбон к-таларынын касиетине ээ, бром менен a-бромпропион к-тасы; ал эми; СаСО3, МnO үстүнөн 350-4500 өткөргөндө дипропил кетон алынат. Фосфор галоген бирикмелери менен галогенангидрид пайда кылат. Ө.ж-да М. к. бутил спиртин окистендирүүдөн; крахмалы бар өндүрүш калдыктарын ачытуудан 35-40 % алынат. М.к. эфирлерди алууда колдонулат. Метил эфири алма, изоамил эфири алмурут жыттанат жана тамак-аш ө. ж-нда пайдаланылат метил, этил, изоамил, гептил эфири жыпар жыттуу заттар катары колдонулат. Бутирил, бутирилацетилцеллюлоза атм-да туруктуу каптоолор негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]