Мазмунга өтүү

Макал-лакап

Википедия дан

Макал-лакап — адамдардын көп жылдардан бери келе жаткан философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуш тажрыйбаларынын негизинен алынган, рифмалашкан жана ритмдешкен бир же бир нече сүйлөмдө ойду бүтүрө айткан, тарбиялоо максатында колдонулган фольклордук чыгармалар. “Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы” болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым макалдардын мааниси окшош келет.
Мисалы: , “Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок” (вьетнам), “Желпигич сатчу колу менен желпинет” (кытай), “Боёкчунун шымы боёлбойт” (жапон), “Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок” (афган), “Кайышчынын камчысы жок” (адыгей), “Устанын тогоосу жок” (кыргыз). Макалдар элдин турмуш тажрыйбасынан улам чыкканын, алардын жалпы нравалык функциясы бирдей экенин мына ушундан да байкоого болот. Макалдар фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам турмушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кылып алат. Макал чыгыш тарыхы адам ойлоосу калыптанып, сезим-туюму жетилген эң байыркы доорлорго барып такалат. 9-кылымда жашаган Макал Кашкаринин үч томдон турган “Түрк сөздөр жыйнагында” “Куру кашык оозго жакпас, Куру сөз кулакка жакпас”, “Ач көз карыны тойсо да өзү тойбойт”, “Карга карасын ким билер, киши аласын ким табар”, “Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө” Макал менен лакаптын формалык түзүлүшү, айтылышы, корутундуланышы, бири-бирине абдан окшош. Ошондой эле учурда айырмачылыктары да бар. “Макалда айтылуучу ой аягына жеткирилип, айтылган ар бир окуяга корутунду чыгарылып, лакапта адамдын ою гана айтылып, корутунду чыгарылбай көмүскөдө калат. Ошондуктан лакап көбүнчө салыштыруу, окшоштуруу иретинде “дегендей”, “окшобой” д. у. с. сөздөрдүн жана “ган”, “дай” уландыларынын жардамы менен айтылат. Мындан сырткары лакапка “ып”, “ыптыр” өңдүү өткөн чактын мүчөлөрүнүн жардамы менен же кимдир бирөөгө таандык болуп айтыла берет.
Мисалы: “жаман туугандан жакшы кошуна өтүптүр”. Лакаптар уйкаштыкка анчалык муктаж эмес. Тескерисинче, макалдар көбүнчө уйкашталып учкул тизмектелет. Элибизде лакапка өтө жакын макалдар, же тескерисинче, макалдын лакапка айланып калган учурлар арбын. Макал-лакаптар бири-бирине мынчалык жакындашып калышы экөөнүн тең турмуш тажрыйбаларынан келип чыккандыгына байланыштуу. Турмуштан алынып, элестүү сүрөттөлүп, туура айтылышы экөөнүн жалпылыгына жатат. Макал менен лакап турмушта таразаланып калган тажрыйбалар таяныч болуп, ар нерсенин ак-карасы, оң-тетириси сыяктуу эки жагы, же бири-бирине жакын турган эки нерсе салыштырыла, көп учурда жупташа учкул тизмектелет. “Дос табышат, душман кагышат”. “Атадан – акыл, ападан тарбия” жана башка макалдан төп корутунду чыгарылат: “Тил – акыл таразасы”, “Күч акылга баш иет” жана башка макалдын тарбиялык жагы абдан күчтүү. Элдик ырлардагы, эпостордогу таамай чыккан элестүү саптар, кеп туюмун чечмелеген чечен, сөзмөр, шайыр адамдар же элдик ырчылардын айтыштарындагы учкул саптар, таамай салыштыруулар өзүнөн өзү эле катары менен айтылып калат. Биринчиден, кайсы бир учурда болгон болсо да, чыгыш тарыхы көмүскөдө калып, окуянын өзү эмес, окуянын натыйжасы гана жыйынтыкталат. Ушул жагынан лакапка жакындап, маанилеш болуп кетет. Ошентип, адамдын жашоо-тиричилигинде айныксыз далилденген бардык натыйжалардын, көз караш, ой-пикир, корутундулардын тарбиялык мааниде, элестүү, төп, ары кыска, учкул тизмектелип накыл сөзгө айланып айтылышын – макалдар дейбиз. Ал эми лакаптын чыгыш жөнү, тарыхы, кимге багытталганы ачык эле белгилүү.

Мисалы: “Көкөтөйдүн ашы көп чырдын башы”. Лакаптарда нуска, таалим бар

Мисалы: “Көп жойлоп капканга түшкөн түлкүчө”. Кээде адамдардын жүрүм-турум мүнөздөрүндөгү, турмушта көп учураган күлкүлүү, адаттан тыш көрүнүштөр лакап болуп айтылып калат.

Мисалы: “Боёкчу боёкчу десе сакалын кошо боёптур”. “Устанын тогоосу жок”. “Алпагай кызга салпагай күйөө” ж. б. Элдик эпос, жомоктордогу, же жай турмуштагы калкка аябай алынып кеткен кызыктуу окуялар, каармандардын кулк-мүнөзү лакапка айланып кетет.

Мисалы: “Тейитбекче мал аяп”, “Аккан досторчо”, “Сан жылкылуу Сарыбайча” ж. б. Тарыхта жашап өткөн белгилүү адамдардын аттары, кылган иштери, өнөр таржымалы да уламышка өтүп, лакапталып айтылып жүргөнүн көрөбүз “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол”, “Шырдакбектин боз жоргосундай”, “Алп Тобокчо” ж. б. Демек, адамдардын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүндө кездешкен, же турмушта арбын учураган күлкүлүү, келекелүү, ошондой эле адаттан тыш көрүнүштөргө, болбосо учурдагы окуя, жагдайга карата айтылып калган элестүү тизмектер – лакаптар. Макал-лакаптар адамдын ой-кыялы жеткен бардык көрүнүш, мезгил, мерчемдерди тегиз камтыйт.

Булактар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.

Интернеттеги шилтемелер