Македондук династия

Википедия дан

Македондук династияВизантия императорлорунун династиясы (867–1056). Василий I Македонянин негиздеген (династия анын атынан аталган). Македония династиясына: Василий I (867–886-жылы башкарган), Лев VI (886–912); Александр (Лев VIнын агасы, 912–913); Константин VII Багрянородный (Лев VIнын уулу, 913–959); Роман I Лакапин (Константин VIIнин кайын атасы, 921–944); Роман II (Константин VIIнин уулу, 959–963); Никифор II Фока (963–969-жылы башкарган, Роман IIнин аялына үйлөнгөн); Иоанн I Цимисхий (969–976) бийликке ак сөөктөрдүн төңкөрүшүнөн кийин келип, Константин VIIнин кызына үйлөнгөн; Василий II Болгаробойца (Роман IIнин уулу, 976–1025); Константин VIII (Василий IIнин агасы, 1025–28); Роман III Аргир (Константин VIIIнин кызы Зоянын – биринчи күйөөсү, 1028–34); Михаил IV Пафлагон (Зоянын экинчи күйөөсү, 1034–41); Михаил V Калафат (Михаил IVнүн жээнин багып алган Зоянын уулу, 1041–42); Константин IX Мономах (Зоянын үчүнчү күйөөсү, 1042–55); Феодора (1055–56) таандык. Македон династиясынын өкүлдөрү ак сөөктөрдүн кызыкчылыктарын коргошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]