Макеев Садырбек

Википедия дан

Макеев Садырбек сүрөтчү-жасалгалоочу. 1954-ж. Кочкор районунун Ак-Талаа айылында төрөлгөн. Бишкектеги №3 техникалык окуу жайынын (1971), Сүрөтчүлөр окуу жайын карапа-скульптуралык бөлүмүн (1979) бүтүргөн. “Айнур”, “Сетунь” заводдорунда иштеген. 1979-жылдан сүрөтчүлөр фондусунда иштейт. Устачылык нусканы аталаш агасы Көбөлөв Асандан алган. Ал жүгөн куйушкан,камчы өрүп, боз үй көтөргөн уста болгон. Садырбектин атасы Макей да колунан көөрү төгүлгөн уста болуп,боз үйдүн жыгачын кармаган,ээр чапкан,ат жабдыктарына узанган.
Садырбек майда бедиздерди шамоттон карападан,чоподон жасайт. Чапкылоо-согуу (чеканка) өнөрү менен аткарылган жети-өгүз курортунун кире беришиндеги, Оргочор айылынын эки башындагы скульптуралык композицияларынын балыкчы шаарынын спорт комплексин спор темасындагы чекенкалар менен жасалгалаган. Кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп медаль жасоо (гальваникадан,бронзадан) темасына кайрылган. 1979-жылдан көптөгөн республикалык көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга катышкан көргөзмө-дүкөндөргө иштери сатылып, сүрөтчүлөр музейине иштери экспонатталган. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992).