Мазмунга өтүү

Макей Уулу Токтогул

Википедия дан

Макей Уулу Токтогул Кара уста жана таш чеккич. 1909-ж. Түп районундагы Тасма (Сухой-Хребет) айылында төрөлгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Атасы Кыдыр акенин кызынын зер себин камдаган зергер болот. Токтогул атасынан темирчиликти даана үйрөнүп, Жети-Өгүз районундагы Үгүт айыл чарба артелинин устаканасын укштуруп узанат. Ал ат жабдыктарын жасоодо атадан калган, формасы башка усталардыкынан айырмаланган куйма калыптары бар. Ага жезди, мисти, колону эритип жатак алдырат. Ал темир комуздун жаагын күмүштөн да, жезден да, кара темирден да тандай билет. Жаагы менен чорт сынбай турган кобулуна муңайым (жумшак), тили менен иймегине болоттун өтө курчун керектейт. Муну жасоодо ал аспаптын ондон ашуун түрүн колдонот. Уста өзү темир комуз аркылуу «так теке» ойното алат. Токтогул тегирмен, жаргылчак чегүүдө анын ташын жаткан жайынан тандайт. Ага узануусу башкалардан анча айырмаланбайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Аваздык аспабы үчүн ЭЧЖРКнүн II даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0