Макей уулу Токтогул

Википедия дан

Макей уулу Токтогул — Кара уста жана таш чеккич. 1909-ж. Түп районундагы Тасма (Сухой-Хребет) айылында төрөлгөн.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Атасы Кадыр акеин кызынын зер себин камдаган зергер болот. Токтогул атасынан темирчиликти даана үйрөнүп, Жети-Өгүз районундагы Үгүт айыл чарба артелинин устаканасын уюштуруп узанат.
Ал ат жабдыктарын жасоодо атадан калган, формасы башка усталардыкынан айырмаланган куйма калыптары бар. Ага жезди, мисти, колону эритип жатак алдырат. Ал темир комуздун жаагын күмүштөн да,жезден да, кара темирден да тандай билет. Жаагы менен чорт чынбай турган кобулуна муңайым (жумшак), тили мене иймегине болоттун өтө курчун керектейт. Муну жасоодо ал аспаптын ондон ашуун түрүн колдонот. Уста өзүн темир комуз аркылуу “так теке” ойното алат. Токтогул тегирмен, жаргылчак чегүүдө анын ташын жаткан жайынан тандайт. Ага узануусу башкалардан анча айрымаланбайт

Катышкан көргөзмөлөрү,кароо-сынактары жана алган сыйлыктары
1979-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан конпартиясынын 50 жылдыгына карата “кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү”.Аваздык аспабы үчүн ЭЖРКҮнүн 11 даражадагы диплому.