Макенбаев, Мелис

Википедия дан

Мелис Макенбаев (15.10.1954 - 21.04.2002) – Кыргызстандын заманбап жазуучусу. Балыкчы шаарында 1954-жылы 15-октябрда туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган. Кыргыз адабиятында абактагы турмушту чагылдыруу жаатында көөнөргүс из салып кеткен. Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын лауреаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелис Макенбаев 1954-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы (ал кезде Рыбачы) шаарында төрөлгөн. Толук эмес орто мектепти ошол шаарда окуган.

8-классты аяктаган соң, Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына келип кирет. Бирок, аны толук аяктаган эмес.

1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин) филология факультетине кирип, аны 1977-жылы аяктаган.

Эмгек жолун 1978-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган. Ал гезитте 1980-жылга чейин иштеген.

Ошол жылдары Бишкек шаарында "Тоо жылдыздары" ийримине да катышкан.

1990-жылдары ал ар кайсы жерде жүрүп, түркүн иштерди жасаган. Сокмо согуп, шыбакчы да болгон. Эки жолу абакка да түшкөн.

Экинчи ирет жети жылдык абактан чыккан соң ичкиликти токтотуп, кайрадан жазуучулукка киришкен.

1987-жылы белгисиз бирөөдөн жүрөгүнө жарат алат. Ошол жаратынын кесепетинен калган өмүрүндө кыйналып жүргөн.

2002-жылдын 21-апрелинде Кыргызстанда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.анын аркасында бир уулу жана келинчеги калган.уулу Арген 1997.15.08 быйыл18 жашта азыркы тапта баласы Аскер кызматында.

Кыргыз адабиятындагы орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелис Макенбаев пост-советтик Кыргызстандагы абак турмушун ар тараптуу чагылдырган бирден-бир жазуучу болгон.

1982-жылы алгачкы «Балалык» аттуу повести «Ала-Тоо» журналында жарык көргөн.

2001-жылы «Баатырлар эмнеден өлөт» аттуу китебин жарыялаган.

Абак турмушуна жана абакка жатып чыккан кишилердин тагдырына арналган он чакты романы жарык көргөн.

«Шамал түнөгөн шаар» аттуу романы кол жазма түрүндө сакталып калган.

Наамдары. Сыйлыктары. Мүчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-жылы алгачкы «Балалык» аттуу повести «Ала-Тоо» журналында басылып чыгып, ал үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамын алган.

2001-жылы «Баатырлар эмнеден өлөт» аттуу китеби үчүн «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгынын лауреаты болгон.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Нурборбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин «Ардактуу мүчөсү».

Тагдырындагы окуялары. Бейнеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелис Макенбаев эки жолу түрмөгө отурат. Биринчисинде жети жарым ай, экинчисинде үч жыл. Экинчи кесилген кезде жазуучунун курагы отуз жетиде экен. Кыркка чыкканда түрмөдөн чыгып, элүүгө толо электе дүйнөдөн өткөн.

Мелис Макенбаев эки жолу үйлөнүп, Бир Баласы бар Мелисов Арген. Бир ирет апасы: “Жакшынакай эле келинчегиң турат, жөн жаша!” – дегенине: “Мага түз жүргөн, тамагымды жасап, көйнөгүмдү жууган аял эмес, балким мага зек аял керектир”, – деп жооп берип, аябай тил укканын туугандары айтышкан.

Мелис Макенбаев тапкан акчасына кийим алганды жакшы көрчү дешет. Бирок, тез эле купайке кийип келип калчу экен. Көрсө аны көчөдө жүргөн селсаяктарга берип же жерде томолонуп жаткан бирөөнүн үстүнө жаап койчу дешет.

Ал катасын моюнга ала беилген өзгөчө жароокер, кайрымдуу, илбериңки инсан болгондугун, жаш чагындагы айрым оройлугу үчүн кыйла өкүнгөндүгүн айтышат.

Журналист Данияр Исановго Мелис Макенбаевдин айткандарынан Archived 2016-04-26 at the Wayback Machine:

"Маселен, мен бир чыгарма жазам деп бомждор менен кошо аралашып жашаган күндөр болду. Атургай бир ирет денесин саткан сойкулардын бирин сатып алып мейманканада таң аткыча анын арманын диктофонго жаздырып, анан эртеси роман жазгам. Жазуучу чыгарма жаратыш үчүн ошол окуя менен кошо жашай билүүгө тийиш! — деди".

Жарык көрбөй калган акыркы ыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Келген кезде эшик кагып акыр саат,
Коштошкону келээр бекен таанышым.
Дарманы жок кебетемди табалап,
Кандай ойдо калаар экен душманым.
Кабарымды угаар замат шашылып,
Чогулабы баш жагыма балдарым.
Же болбосо таарынычы күч алып,
Көрсөтүшөөр пендечилик кыялын.
Калган-каткан сезимимди тебелеп,
Өмүр кечи батып барат кантейин.
Күрөш менен өткөн күндөр эсимде,
Эл журтума мээнет кылдым анчейин.

Булак: Мира Сыдыкбаева, филология илимдеринин кандидаты, КМЮАнын доценти. - “Кыргыз Туусу” гезити(жеткиликсиз шилтеме), 23.10.2012-ж.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Караколдун түрмөсү: Роман-эссе. – Б., 1994. – 234 б.
  • Бөрүлөрдүн чыйыры: Роман Б., 1994. – 184 б.
  • Кайыктардын көрүстөнү: Роман. – Б.: Баласагын, 1995. – 236 б.
  • Зона: Роман. – Б., 1995. – 300 б.
  • Карышкырдын белети: Роман. – Б.: Эркин-Тоо, 1996. – 296 б.
  • Зек: Роман. – Б.: 1996.
  • Аялдардын зонасы: Роман. – Б.: Эркин-Тоо, 1998.
  • Эски түрмөнүн ыйы: Роман. – Б.: 1998.
  • Пресс хата: Роман – эссе. – Б.: Шам, 1998. – 188 б.
  • Тентиген чал: Роман. – Б.: Илимдер академиясынын басмасы, 2000. – 144 б.
  • Баатырлар эмнеден өлөт: Роман. – Б.: Кыргызстан жазуучулар союзу, 2000. – 404 б.

5.08.1997ж

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелис Макенбаевдин чыгармачылыгына арналган алгачкы илимий диссертацияны Мира Сыдыкбаева айым (ал Кыргызстанда 1963-жылы 6-ноябрда туулган) жазып, ийгиликтүү коргогон жана филология илимдеринин кандидаты наамын алган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]