Макет

Википедия дан

Макет (французча maquette) – 1) китепти көркөм кооздоо техникасында – сүрөтчү-жасалгалоочунун идеясын толук чагылдырган китептин алдын-ала жасалган үлгүсү. Ал басмакана жана типография үчүн модель болуп кызмат кылат. Болочок китептин сырткы бетин, мукабасын, титулдук баракчасын макет толугу менен кайталайт, бирок тексттин ордуна китептин ар бир барагын эске алган иллюстрацияларды басуу жана жайгаштыруу үлгүлөрүн ичине камтыйт. Мындай белгилүүлүк жок учурда макеттердин көпчүлүк бөлүгү таза, актай барактардан турат. Терүүгө берилген макетте сап-сап болуп терүүчү оттисктер жана клише оттисктери чапталат; 2) театр жасалгалоо техникасында 1\20,1\25 масштабында спектаклдин жасалгалык чечимине ылайык – жасалга эмерек, кырдаалды түзгөн, катышуучулардын фигураларын толук чагылдырган модель. Макеттин спектаклди даярдоо процессинде чоң мааниси бар, себеби сахналык мейкиндик композициясын, мизансценалардын пландаштырылышын ачык-айкын көрсөтөт, анда бир топ практикалык, өндүрүштүк маселелерди чечет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]