Макмал алтын кени

Википедия дан

Макмал алтын кени Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда. Ак-Шыйрак Чаарташ кырка тоосунун батышында, Казарман кыштагынан 45 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1900–2600 м бийиктикте. 1967-ж. табылган. 1969–80-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы бекитилген. 1986-жылдан казып алынууда. Кен Чаарташ гранитоид интрузия массивинин түштүк-батыш жагында, экзоконтактын түштүк зонасында жайгашкан. Кен аймагы карбон-пермь дайкалары, пермдин гранит интрузиясы менен жирелген, курамында карбондук кремнийдин линзалары жана катмарчалары бар акиташ катмары, карбон-пермдин лава, туф, тракидацит, дациттен турган жанартоо катмарлары жана аларды жаап жаткан палеоген-неоген катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу, метасоматиттүү, гидротерм процесстеринен өзгөргөн жана ар түрдүү багыттагы жаракалар менен тилмеленген, волластониттүү скарндар, скарндалган акиташ тектери, дайка тектеринин контактылары, лампорфир жана плагиопорфир дайкалары менен байланышкан. Рудалануу, скарн тибине, алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: нукура алтын, пирит, пирротин, арсенопирит, галенит. Алтындын орточо өлчөмү 6,87 г/т. Руданын запасы жана ресурсу 7937,76 миң т, алтындыкы - 54,541 т. Кен 1975-жылдан казылып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]