Макромолекула

Википедия дан

Макромолекула — бири-бири менен негизги валенттүүлүктөрү аркылуу байланышып кошулган көп сандаган атомдор жыйындысы, б. а. бир ири мол. же полимерлер мол-сы. Кичине молекулалуу заттардын мол-лык массалары туруктуу болсо, бир эле бирикменин мол. массасы ар түрдүү болот. Ушул белгиси б-ча алар бири-биринен айырмаланат. М. ар башка мол. м-га ээ болушу алардын полидисперстүүлүгү же полимолекулярдуулугу деп аталат. М. мол. м-лары бир нече минден бир нече миллионго, айрым бир жаратылышта кездешүүчү М. млрдга (кээ бир ДНК менен РНК) жетет. М. структурасы окшош же ар башка мономер звенолору кайталанышынан түзүлөт. Эгерде алардын структурасы окшош мономерден турса гомополимерлер, ар башка мономерден турса сополимерлер деп аталат. Сополимер молекуласында жөнөкөй звенолор бири-бири менен кезектешип жайгашат. Сополимерге бутадиенстирол каучугу мисал боло алат. Ар башка мол. м-луу М. жүздөгөн жана миндеген бирдей жөнөкөй звенодон тургандыктан, алардын физ. жана хим. касиеттери окшош болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]