Жеймс Клерк Максвелл

Википедия дан
Максвелл Жеймс Клерк‎»‎ барагынан багытталды)

Максвелл Жеймс Клерк (13. 6. 1831, Эдинбург – 5. 11. 1879, Кембриж) – англиялык физик, классикалык электродинамиканы түзүүчү, статикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Лондон королдук коомунун мүчөсү (1860). Эдинбург (1847–50) жана Кембриж университеттеринде билим алган (1856–60). Маришал колледжинде (1856–60), Лондон (1860–65) жана Кембриж (1871-жылдан) университеттеринде профессор Улуу Британиядагы Кавендиш лаборатория уюштуруп, анын 1-директору болгон. Фарадейдин идеясын өнүктүрүп, электр магнит талаасынын закондорун 4 дифференциалдык теңдеме түрүндө берген. Жылышуу тогу жөнүндөгү түшүнүктү илимге сунуштаган, жарыктын электр магниттик табияты тууралуу идеяны айтып, анын ылдамдыгын жогорку тактыкта аныктаган. Молекулалардын статистикалык бөлүштүрүлүшүн аныктаган. Газдардын илээшкектигин, диффузиясын жана жылуулук өткөргүчтүгүн изилдеп, Сатурн шакекчеси айрым телолордон турарын айткан. Оптика, термодинамика, колориметрия боюнча эмгектери бар. Бирдиктердин СГС системасында магнит агымынын бирдиги Максвеллдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]