Екатерина Максимова

Википедия дан
Максимова Екатерина Сергеевна‎»‎ барагынан багытталды)

Максимова Екатерина Сергеевна (1. 2. 1939, Москва – 28. 4. 2009, ошол эле жер) – балерина, СССР эл артисти (1973). Ленин комсомолу сыйлыгынын (1972), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1981), «Академия Симба» эл аралык сыйлыгынын (Италия, 1984), кино жаатындагы РСФСРдин мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты. Россия театр искусствосу академиясынын профессор (1996), «Кремль балети» театрынын (1990-жылдан), Чоң театрдын (1998-жылдан) педагог-репетитору. Москва хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1958). 1957-жылы хореографиялык окуу жайында окуп жүргөндө эле П. Чайковскийдин «Щелкунчик» балетинен Машанын партиясын аткарып, таланттуу бийчи катары таанылган. 1958–88-жылдары Москвадагы Чоң театрда иштеген. Аткарган негизги партиялары: Жизель (Адан, «Жизель»), Китри (Минкус, «Дон-Кихот»), Одетта-Одиллия, Аврора (Чайковский, «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Балерина (Стравинский, «Петрушка»), Жульетта, Катерина (Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», «Таш гүл») ж. б. Максимова дүйнөлүк балет артисттери В. Васильев (күйөөсү), М. Лиепа, Фадечеев, М. Лавровский, Богатырев менен бийлеген. Киного да тартылган («Галатея», «Эски танго», «Анюта», «Чаплинианада», «Катя Володя» ж. б.) Аня Павлова сыйлыгынын (1969), Мариус Петит сыйлыгынын (1972; экөө тең Париж) лауреаты Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]