Максымбеков Ибрагим Нуркулович

Википедия дан

Максымбеков Ибрагим Нуркулович (1937-ж.т, Мончокдөбө айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1995).

  • Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн (1960).
  • 1960-61-жылдары Ноокат райондук ооруканасында врач-хирург,
  • 1961-68-жылдары Лейлек райондук ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы,
  • 1968-78-жылдары Сүлүктү шаардык ооруканасынын башкы врачы,
  • 1978-жылдан Ош облустук онкология диспансеринин башкы врачы.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6