Максүтов Бактыбек

Википедия дан

Максүтов Бактыбек – жазуучу. Кочкор районунун Шамшы айылында 1947-жылы 19-январда туулган. 1964-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн..

1969–1990-жж. Кочкор районундагы "зд», «Тендик», «Октябрдын 60 жылдыгы атындагы» колхоз-совхоздордо бухгалтер, башкы бухгалтер, башкы экономист, профкомдун төрагасы, Кум-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы бо-луп иштеген.

1990–1995-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча Комиссиясынын катчысы, 1995–1996-жж. Кыргыз Республикасынын Контролдоо палатасында инспектор, 1997–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында аудитор, 2003–2004-жж. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча министринин кеңешчиси, 2000-жылдын июль айынан «Айкөл Манас баяны» фондусунун төрагасы болуп иштеп келе жатат.

«Эненин алкышы» деген алгачкы аңгемеси 1962-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган. «Согуш тактары» деген алгачкы китеби 1973-жылы басмадан чыккан.

«Манас» эпосун чет тилдерге которуу жагын көздөп, көптөгөн варианттардын негизинде Манас, Семетей, Сейтектин (баары 5 китеп) прозалык вариантын жазып, (1995, 1999, 2000, 2004, 2007-жж.) басмадан чыгарган.

«Чоң казат» ж.б. 10 драма жазган. 1996, 2003-жж. «Казыбек казалчы» аттуу пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында эки жолу, «Тозокко тете күн» пьесасы 1997-ж. Кочкор элдик театрында коюлган.

«Айкөл Манас баянынын» 1-китеби эки жолу, радио пьесалары, ондогон аңгемелери радиодон уктурулган.

1990–1995-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуш тактары: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973.

Казыбектин арманы. Повесть. – Б.: Ыбыш Ата,1993. – 48 б.

Айкөл Манас баяны: 1-китеп. – Б.: Учкун, 1995. – 208 б.

Айкөл Манас баяны: 1-китеп. – Б.: Шам, 2000. – 220 б.

Айкөл Манас баяны: 2-китеп. – Б.: Шам, 1999. – 192 б.

Эр Семетей баяны: 1-китеп. – Б.: Шам», 2000. – 168 б

Эр Семетей баяны: 2-китеп. – Б.: Шам, 2000. – 188 б.

Сейтек баатыр. – Б.: Шам, 2000. – 196 б.

Тозокко тете күн. – Б.: Бийиктик, 2002. – 192 б.

Айкөл Манас баяны: 1-китеп. – Б.: Бишкек, 2002. – 220 б.

Бабалардын баяны. – Б.: Бишкек, 2003. – 108 б.

Айкөл Манас баяны: 1-китеп. – Б.: Бийиктик, 2004. – 220 б.

Айкөл Манас баяны: 2-китеп. – Б.: Бийиктик, 2004. – 192 б.

Эл сүрөтчүлөрүнө, эл артисттерине 21 суроо. – Б.: Бийиктик, 2004. – 168 б.

Бабалардын баяны, эл баатырлары. – Б.: Бийиктик, 2005. – 288 б.

Улуу көтөрүлүш. – Б.: Турар, 2006. – 136 б.

Тил, улут, «Манас» жана ыйман жөнүндө. – Б.: Турар, 2006. – 32 б.

Манастын төрөлүшү жана балалык чагы. – Б.: Турар, 2006. – 64 б.

Ак куржун толо ыр калды (Жеңижок). – Б.: Турар 2006.

Калыгул Бай уулу, Кыдыр аке баяны. – Б.: Турар, 2006. – 36 б.

Эр Семетей баяны. 1-т. – Б.: Турар, 2007. – 190 б.

Эр Семетей баяны. 2-т. – Б. Турар, 2007. – 188 б.

Сейтек баатыр. – Б.: Турар, 2007. – 196 б.

Кан Кошой баяны. – Б.: Турар, 2007. – 74 б.

Манас бабабыздан бүгүнкү күнгө чейин. – Б.: Турар, 2007. – 399 б.

Кыргыздын белгилүү агартуучулары. – Б.: Мурас, 2008. – 46 б.


Драмалары

Тозокко тете күн. 1991-ж.

Казыбектин арманы. 1994-ж.

Кыргыздардын Алтайга сүрүлүшү. 1995-ж.

Ормон хан. 2000-ж.

Каныкейдин Тайторуну чапканы. 2001-ж.

Айчүрөктүн аккуу болуп учканы. 2001-ж.

Сейтек баатыр. 2001-ж.

Чоң казат. 2002-ж.

Тагдыр (Алтын балык). 2002-ж.

Жеңижок менен Көксулуу. 2006-ж.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]