Макс Шелер

Википедия дан
Макс Шелер

Шелер, Макс
Толук аты-жөнү Шелер, Макс
Төрөлгөн 22.08.1874
Мюнхен, Бавария падышачылыгы, Германия империясы
Көз жумган 19.5.1928
Франкфурт-на-Майна, Германия империясы


Шелер, Макс (нем. Max Scheler; Баш Оона айынын 22-күнүдө 1874 Мюнхен, Бавария падышачылыгы, Германия империясы – Бугу айынын19-күнүдө 1928 Франкфурт-на-Майна, Германия империясы) – немис философу жана социологу.

Кельнда (1919–1928), Франкфурт (1928) профессор. Эйкендин шакирти. Шелер Гуссерлдин феноменологиялык методун этикасы, маданият философиясы жана дин чөйрөсүнө көчүрүп келип, ыймандык дөөлөттөрдү «өзгөрбөс «маңыздары» катары чагылдыруу менен Канттын формалдык этикасына дөөлөттөр жөнүндөгү материалдык окууну карама-каршы койгон. Анын негизги изилдөө тармактары-баяндап жазуу психологиясы, атап айтканда, сезим психологиясы жана өтө кеңири мааниде алынган «билим социологиясы» болгон. Мында ал диний, метафизикалык, илимий ой жүгүртүүнүн (алардын Кудайга, дүйнөгө, дөөлөттөргө, турмушка карата жасаган мамилесине таянып) бир катар тибин айырмалап көрсөткөн жана аларды коомдук, практикалык мамлекеттик жана экономикалык турмуштун белгилүү бир түрлөрү менен байланыштырууга аракеттенип. Шелердин пикири боюнча сырттан көз жүгүрткөн жана таанып-билүүчү адамга объективдүү, адам тарабынан жаратылбаган ар бирин сырттан кабылдоого боло турган өз маңызына жана өз мыйзамына (маңыздуу мыйзамдарга) эгедер болгон заттык дүйнөлөр карама-каршы турат.

Булардын акыркылары тийиштүү заттык дүйнөлөр жашап турган эмпирикалык мыйзамдардан жогору турушат, алардагы бул маңыздар кабылдоонун натыйжасында айкын болот. Ушул мааниде Шелер философияны маңыз жөнүдөгү жогорку, көлөмү өтө кеңири илим деп эсептейт. Өзүнүн руханий изденүүлөрүнүн аяк ченинде Шелер католиктик диний ачылыш тууралуу көз караштарынан четтеп пантеисттик жана анын алкагына бардык илимдерди, анын ичинде антропологияны да кошкусу келген. Ошентсе да ал өзүнүн феноменологиялык онтологиялык көз карашы толук бойдон четтеп кете алган эмес, бирок ал өз философиясынын чордонуна философиялык антропологиянын көйгөйлөрүн коюп, а түгүл бул багыттын негиздөөчүсү да болгон. Шелер ошондой эле теогония көйгөйлөрүн да үңүп изилдеген.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8