Мак-Магон

Википедия дан

Мак-Магон, Мари Эдме Патрис Морис [13. 7. 1808, Франция, Сюлли (Сона и Луара департаменти) – 17. 10. 1893, Франция, Луаре] – франциялык аскер, мамлекеттик жана саясий ишмер, Франциянын 3-президенти (1873–79). Сенатор (1856–70), Франция маршалы (1959), дивизия генералы (1852). 1873–79-жылдары Франция Республикасынын президенти (Луи Адоль Тьерден кийин). 1827-жылы Сен-Сир аскер окуу жайын бүтүп, 1830-жылдары Алжирде аскердик карьерасын баштаган. Крым согушунун (1853–1856) жүрүшүндө Мак-Магон жетектеген дивизия Малахов дөбөсүнө чабуул жасап, Севастополь шаарын алган. 1857-жылдан Алжирдеги аскер күчтөрүнүн командачысы. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) Маженттин алдындагы салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн герцог титулун жана маршал наамын алган. 1864–70-жылдары Алжирдин генерал-губернатору. Франция-Пруссия согушунда (1870–1871) Мак-Магон жетектеген армия салгылашта Седан алдындагы талкаланып, М.-М. туткунга түшкөн. Франкфурт тынчтыгынан (1871) кийин бошотулган, Версаль армиясынын командачысы болуп дайындалып, Париж коммунасын (1871) баскан. Монархиялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө аракеттенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]