Мала

Википедия дан

Мала, тырмоок – топуракты жумшартууда жана өсүмдүк өстүрүүдө колдонулуучу айыл чарба шайманы. Мала – дыйканчылыкта колдонулган эң байыркы куралдардын бири. Мала адегенде унаага сүйрөтүлгөн, азыр тракторго асылып же чиркелип иштейт. Жумушчу бөлүгүнө карата тиштүү жана дисктүү малага айырмаланат. Тиштүү мала айдоонун топурагын майдалоо, күздүк айдалган талаадагы топурак кыртышын жазында жумшартуу, үрөн себүү алдында айдоону текшилөө, айдоого чачылган үрөндү жана минерал жер семирткичти көмүү, отоо чөптү жок кылуу ж. б-да колдонулат. Тиштүү маланын негизги жумушчу бөлүгү – жумуру, үч же төрт кырдуу, бычак сымал формадагы болот тиштери. Тиштери рамага бекем, шарнир же бурама менен орнотулат. Тиштүү маланын тор, пружина түрүндөгү отогуч, шалбаалык, айланма бычактуу, таман тиштүү, жайыт малалоочу түрлөрү чыгарылат. Дисктүү мала негизинен чымдуу, катуу топуракты майдалоодо колдонулат. Анын жумушчу органы түрдүү формадагы дисктер. Дисктүү мала талааны, бак-дарактуу жерди, сазды малалоочу болуп бөлүнөт. Дисктер 5–9дан бириктирилип орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]