Малагасилер

Википедия дан

Малагасилер – австронезия элдеринин тобу. Мадагаскарды негизги калкы. Саны 20 млн киши (2009). 60 миңи Францияда, 10 миңи Индия океанынын аралында (Реньюн, Комор, Сейшель а.) жашашат. Малагаси жана француз тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү христиан динин тутушат, мусулман-сунниттер да бар. Малагисилер 40 этностук топко (антамбахуака, зафисуру, бемихисатра, микса ж. б.) бөлүнөт. Малагисилер Малайя архипелагына кирген аралдардан келгендери менен Чыгыш Африка элдеринин аралашуусунан калыптанган. Малагисилердин ата-бабалары биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда, биздин заманга чейинки 3-кылым – биздин замандын 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Түштүк-Чыгыш Азиядан жер которуп келишкен. Малагисилер дыйканчылык, балык уулоочулук жана жибекчилик менен кесиптенишет. Малагисилерде жыйноочулук жана аңчылык сакталып калган. Салттуу кийими – эркектер белинен ылдый жамынгыч (салака), аялдар кыска юбка (сикини), майрам күндөрү жибектен согулган жамынгыч (ламба) оронушат. Тамак-ашы – негизинен күрүч, балык жана жүгөрү, майрам күндөрү эт (зебу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]