Малайлар

Википедия дан

Малайлар, оранг-мелаю (өздөрүн «Мелаю өлкөсүнүн адамдары» деп аташат) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы элдердин тобу – Малайзия (14 млн), Сингапур (400 миң), Индонезия (19 млн), Таиланд (2,5 млн) жана Бруней (200 миң), ТАР (200 миң), Шри-Ланка (40000), Кокос аралында (1 миң), Рождества аралында (10 миң), ошондой эле Филиппин (180 миң), Түндүк Америка, Батыш Европа жана Жакынкы Чыгыш ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 40 млн киши (2009). Малай тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. Малайлар дыйканчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишип, бамбуктан салынган үйлөрдө жашашкан. Малайлардын илгертен колдонмо өнөрү (кооздук буюмдар, батик жасоо ж. б.) кеңири өнүккөн. Улуттук тамак-ашы негизинен күрүч, эт, балык азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]