Маласпина

Википедия дан

Маласпина – Алясканын түштүк жээгиндеги тоо этектей жаткан мөңгү. Якутат жана Айси-Бей булуңдарынын аралыгында. Аянты 2195 км2. Мөңгүнүн калыңдыгы 610 м. Анын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен 300 м төмөн жайгашкан. Жогорку Сьюффрд ‑уз. 55 км) жана Төмөнкү Сьюард (узундугу 32 км) биригип, Сьюфрд-Маласпина тоо-мөңгү ири комплекси түзүп, деңиз деңгээлинен 1500–2000 м бийиктикте жатат. Врангель жогору улуттук паркынын жана Ыйык Илья тоосунун курамына кирет. 20-кылымдын 30-жылдарынан баштап мөңгү чегине баштаган. Маласпина тоо этегиндеги мөңгүлөрдүн жалпы атына айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]