Мальбранш, Никола

Википедия дан
Никола Мальбранш.

Мальбранш, Никола (фр. Nicolas Malebranche, 1638—1715) — картезианчылыктын идеяларынын негизинде өнүккөн окказионализмдин башкы өкүлү. Мальбранштын негизги эмгектери: «Акыйкатты издөө» (1675), «Метафизика жана дин жөнүндө маек» (1688).

Окказионализм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окказионализмдин пайда болушу — психофизикалык проблеманы чечүүдө Декарттын дуализминин так аныкталбагандыгы менен байланыштуу. Окказионализмдин түпкү таянып чыккан жобосу: материалдык жана руханий субстанциялар өз өзүнчө алганда алардын бири-бирине абсолюттук түрдө көз каранды болбогондугуна байланыштуу бири-бирине таасир бере алышпайт дегенди билдирет. Бирок мындай өз ара аракеттер алардын ортосунда болуп турат, демек ал өз ара аракет Кудайдын кудурети менен болот, руханий жана материалдык кубулуштардын өз ара аракеттенишүүлөрү Кудайдын эркинин күчү менен гана болуп турат. Кудай — бул өз ара аракеттин бирден бир себеби.

Кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, эгерде Декарт Кудайдын ролун минимум менен чектеп, деизмге ооп турган болсо, Мальбранш, тескерисинче, Кудайдын ролун максималдаштырат, муну менен ал адамдын турмуш-тиричилик ишмердигиндеги Кудайдын эркин августиандык мааниде түшүнүүгө кайтып барат. Мальбранш нерселердин ортосунда обьективдүү себептик байланыштардын бар экендигин танат, анткени ал, алардагы руханий кыймылдаткыч күч кыймылдагы телолордо бар болуп турбайт, ал кыймылдаткыч күч Кудайдын эркинен башка эч нерсе эмес деп эсептейт. «Бирден бир себеп дегенибиз,— деп жазат ал «Акыйкаттарды издөөдө»,— реалдуу жана чыныгы себеп эмес, ал кокустук себеп, жаратылышты Жараткандын тигил же бул учурда тигил же бул жол менен аракет кылууга жасалган чечимин аныктай турган себеп. Бул сөздөрдө өзүнчө бир «кокустук философиясы» аныктамаланат (окказионализм — кокустук жөнүндөгү окуу, агымдын аталышы ушундан), мында дүйнө өз алдынча өнүкпөйт, толук түрдө Кудайга көз каранды.

Ушундан келип Мальбранштын башкы гносеологиялык корутундусу чыгат: нерселерди таанып-билүү — бул бар болгону «алардын Кудайдагы чагылышын көргөнүбүз». Ошол эле убакта Мальбранш негизги таяныч жоболорун сактайт: ачыктыкты рационалисттик талап кылуу чындыктын критерийи катарында каралат. Сезимдик элестер нерселердин жашап турушун ырастайт, бирок нерселердин касиеттерин идеялардын жардамы аркылуу таанып-билебиз. Нерселерди биз ачык жана так кабылдайбыз, бирок бул нерселерде чагылышып турган теңирлик идеялардын акыйкаттыгын гана далилдейт. Мальбранш негизинен пантеизмди коргогон, ушундан улам анын китептери католик чиркөөсү тарабынан «Тыюу салынган китептердин индексине» үч жолу киргизилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]