Мальтус Томас Роберт

Википедия дан

Мальтус Томас Роберт [(15–17). 2. 1766, Cуррей графтыгы Рукери чарбагы – 23.12.1834, Батага жакын] – англиялык экономист, Кембридж университетин бүтүргөн (1788), 1805–35-жылдары Ост-Индия компаниясынын колледжинде саясий экономия боюнча профессор. Мальтус буржуазияга айланган жер ээлөөчүлөрдүн идеологу жана Улуу Британиядагы вульгардык саясий экономиянын негиз салуучуларынын бири. 1798-жылы көмүскө жарык көргөн «Калк закону жөнүндө тажрыйба» деген эмгеги аны белгилүү кылган. Ал калктын геометриялык прогрессияда өскөнүн, ал эми аларды азык-түлүк менен камсыз кылуу арифметикалык прогрессиянын негизинде болуп жатканын далилдөөгө аракеттенген. Ушул эки прогрессиянын ортосундагы айырма ар түрдүү коомдогу терс көрүнүштөрдү (ачкачылык, жакырчылык, эпидемия, согуш ж. б.) алып келерин айткан. Дүйнөлүк экономикалык коом Мальтустун теориясын реакциячыл деп атап, аны жерүүгө алган. Азыркы мезгилде жана келечекте өндүрүштүн өсүш темпи калктын өсүшүнөн бир канча ылдам болору аныкталды. 1900–2000-жылдары дүйнөлүк ИДП 19 эсеге, ал эми калктын саны ошол эле жылдарда 4 эсе өскөн. Ошентип адамзаттын «Мальтустун кылтагынан» бошонушу 20-кылымдын жыйынтыгы менен аныкталды десек туура болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]