Малюс Этьенн-Луи

Википедия дан
Étienne Louis Malus
Туулган жылы:

23.07.1775

Каза болгон жылы:

23.02.1812

Илимий чөйрөсү:

физика,оптика

Иштеген жери:

Политехникалык мектеп (Париж)

Илимий жетекчиси:

Гаспар Монж

Этьенн - Луи Малюс - франциялык окумуштуу.

Анын оптикалык изилдөөлөрү египеттик жүрүштөр маалында эле башталган. 1807-ж. Малюс Академияга оптика боюнча эки мемуарын сунуш кылган. Ага геометриялык оптиканын теориясы таандык: кандайдыр бир бетке нормалдуу болгон нурлардын шооласы каалагандай сандагы чагылуулардан жана сынуулардан кийин ошол эле бойдон калат.

Жарык нурларынын исланд шпатынын кристаллы аркылуу өтүүсүн кылдат изилдеп, Малюс жарык нурунда бөлүкчөлөрдүн уюлдашуу касиеттерине окшош ассимметрияны ачкан. Ал оптикага «жарыктын поляризациясы» терминин киргизген. 1810-ж. Малюс поляризацияланган нурдун интенсивдүүлүгүнүн анализатор аркылуу өтүүдө өзгөрүү законун ачкан.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жуманова М.М., Алиева Ч.М. Өчпөс ысымдар – Немеркнущие имена: Физиканын тарыхы боюнча кыргызча-орусча библиографиялык окуу-сурап билме куралы / Проф. Б.А.Араповдун редакциясы астында. –ОшМУнун «Билим» редакциялык-басма бөлүмү, 2007. – 87 б., кырг., орус тил.