Мал породасы

Википедия дан

Мал породасы, мал тукуму – мал түрүнүн (уй, кой, жылкы, чочко ж. б.) теги бир, бирок тукумуна берилүүчү экстерьер-конституциялык жана чарбалык пайдалуу белгилери боюнча айырма­ланган тобу. Мал породасы адатта көп малды (бир түрү боюнча) камтыйт, себеби ушундай гана шартта порода ичиндеги чыгармачылык менен тандоо жана ылгоо иштери (породаны андан ары өркүндөтүү максатында) жүргүзүлүшү мүмкүндүк мал породасы адамдын узак убакыт бою жүргүзүлгөн тандоо ишинин негизинде чыгарылган. Ал жөнөкөй (жергиликтүү), заводдук жана өтмө мал породаларына бөлүнөт. Жөнөкөй мал породасы. экстенсивдүү натуралай чарба шартында «максатсыз» жасалма тандоо менен табигый тандалуунун негизинде калыптанган. Бул порода жергиликтүү табигый шартка жакшы көнүккөн, аз өзгөрөт, чыдамдуу келет жана универсалдуу продуктуулугу (анча жогору болбосо да) менен айырмаланат. Азыркы породалардын көпчүлүгү – зоот мал породасы. Бул породанын негизги структуралык элементи – тукумдук эң мыкты эркек мал линиясы жана эң мыкты тубар мал тукуму. Мал породасын өркүндөтүүнүн негизги ыкмасы – таза тукум мал өстүрүү, анын жогорку баскычы – малды линиясы боюнча өстүрүү. Өтмө мал породасы – жергиликтүү менен зоот мал породасынын ортосундагы порода. Мында асыл тукумдаштыруу иши ушул породалардан тандалып алынган жакшы мал арасында жүргүзүлөт. Көпчүлүк мал породалары 18–19-кылымда чыгарылган. КМШ өлкө­лөрүндө 300гө жакын, анын ичинде уйдун 52, койдун 90, жылкынын 50, чочконун 31, үй куштарынын 36, коёндун 10, бугунун 5 породасы бар. Кыргызстанда уйдун 2, койдун 3, жылкынын 5, үй куштарынын 10го жакын породалары ийгиликтүү асыралып жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]