Мамадалиев Абдырайым

Википедия дан

Мамадалиев Абдырайым (Абиш) (1936-ж.т., Талас облусу, Кара-Буура району, Будённый айылы - 2013, Айгыр-Жал айылы) - Чаткал районунун гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, жамакчы акын.

Наманган шаарындагы айдоочулардын окуу жайын бүтүп, узак жылдар бою айдоочулук кесипти аркалаган. Тубаса акындык таланты менен облустук, республикалык көптөгөн кароосынактарда байгелүү орундарды ээлеген. “Ырларым калат ордума” ыр жыйнагынын автору (2014).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6