Мамадалиев Акылбек

Википедия дан

Мамадалиев Акылбек - акын, журналист. Сузак районунун Кара-Дарыя айылында 1980-жылы 19-майда туулган.

1997-жылы Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияны, 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1996-жылы «Жеткинчек» гезитинин кабарчысы болуп иштөө менен баштап, 2002-2004-жж. «Аалам», «Азия нуру», «Будь здоров» гезиттеринде кабарчы жана «Адеми» гезитинде башкы редактор, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын пресс-катчысы болуп иштеген. Учурда Москвадагы Кыргыз Респуб-ликасынын элчилигинин алдындагы «Мост дружбы» гезитинде редактор болуп иштеп келет.

Алгачкы «Ит турмуш» аттуу аңгемеси 1996-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарык көргөн. Көптөгөн ырлары республикалык мезгилдүү басма сөздөрдө, адабий альманахтарда жарыяланган.

2009-жылы «Кусалык» ыр жыйнагы үчүн «Тургунбай Эргешов» атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусалык: Ырлар. - Б.: Улуттук китепкананын басмаканасы, 2009. - 48 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]