Мамаева Өктөм

Википедия дан

Мамаева Өктөм - жазуучу, акын. Кара-Кулжа районунун В.И.Ульянов атындагы айылында 1949-жылы 10-мартта туулган. 1965-жылы Ош облусунун У.Салиева атындагы кыздар орто мектебин, 1972-жылы Казакстандагы Чимкент химия технологиялык институтунун технологиялык бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1972-жылы Ош облусунда насос чыгаруучу заводдо иштөө менен баштаган.

1981-1992-жж. «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлөр ишканасында кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрайымы болуп эмгектенген.

Учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, «Кыргыз үй» коомдук уюмунун маданий үгүттөө комиссиясын жетектейт. Кыргыз элинин улуттук каада-салттарын таанытуу боюнча иш жүргүзөт.

1994-жылы «Дил кумары» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

1997-жылдан Санкт-Петербург шаарындагы Окумуштуулар союзунун кыргыз комиссиясынын, 1998-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Санкт-Петербургдагы «Кыргыз үй» регионалдык коомдук уюмунун уюштуруучуларынын бири.

2000-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дил кумары: Ырлар. - Б.: Жазуучулар союзунун көркөм адабият басмаканасы, 1994.

Жан дүйнө жаңырыгы: Ырлар, публицистикалар, очерктер. - Б.: Бийиктик, 2005. - 168 б.

Эл сүйгөндөр: Аңгеме, эссе, баяндамалар, очерктер, ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. - 280 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белые ночи в Ала-Тоо. - Санкт-Петербург: Голоса друзей, 2003. - 40 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]