Мамажанов Шайдулла

Википедия дан

Мамажанов Шайдулла (1948-2009) - жазуучу, журналист. Сузак районунун Жийде айылында 1948-жылы 22-сентябрда туулган. 1966-жылы №4 Бек-Абад орто мектебин аяктап, 1971-жылы Ош мамлекекттик институтунун орус тили жана адабияты филологиясы факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы №21 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде окутуучу болуп иштөөдөн баштаган.

1977-жылы Сузак райондук «Пахтачы» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, партиялык, советтик органдарда, 1991-жылдан Жалал-Абад облустук Кеңешинде, облустук мамлекеттик администрацияда социалдык бөлүмдүн башчысы, 1992-жылдан педагогикалык окуу жайдын директору болуп иштеген.

1995-жылы Сузак районундагы Атабеков айылдык Кеңешинин төрагалыгына шайланган. Кийин республикалык «Эркин эл адабияты» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары, 1999-жылдан Борбор Азиялык «Азия нуру» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Ал 1999-жылы «Хадистер» аттуу китепти түзүп басмадан чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу, Кыргызстан Аялдар конгресси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган журналисттик сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун, Жалал-Абад облустук мамадминистрациясынын Ардак грамоталары, эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун адабий сыйлыгы менен сыйланган.

1981-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусулмандыктын негиздери. – 1997.

Мухаммед пайгамбар баяны. – 1998.

Ислам нуру. – 2008.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]